Биз менен байланышыңыз

Жапаров БУУда: Тажикстан Кыргызстанга масштабдуу агрессия жасады

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 4858 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү.

Анда ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака тууралуу кенен маалымат берип, Тажикстандагы жарандык согуш Кыргызстандын арачылыгында токтогонун, ошол эле убакта эки тараптуу келишим мамлекеттик деңгээлде эки жолу кабыл алынганын, ага тажик президенти Эмомали Рахмон кол койгонун эскертип өттү.

Ошондой эле, тажик тарап келишимдерди бузуп, 2021-жылы 29-30-апрелде куралдуу кол салганын, быйыл 14-17-сентябрда да бул агрессиясын кайталаганын сындады. Ал Кыргызстан эч качан согуштук аракеттер баштабаганын, дайыма тынчтык жолу менен гана маселелерди чечүү керек деген позицияда экенин айтты. Тажикстан агрессиялык саясатынын натыйжасында Кыргызстандын жарандарына, социалдык объекттерге ок чыгарып, эл аралык келишимдерге да  каршы иштерди жасап жатканын да кошумчалады.

«Ал ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.

 Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.

 Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди.

 Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен.

 Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң.

Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз.

Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.»

Ошондой эле, Тажикстандын акыркы аракетинен улам, алар менен чек араны тынчтык жолу менен тактоого ишеним кеткенин, мындан улам БУУ, ЕККУ же ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын ортомчулугу астында чек араны тактоого даяр экенин билдирди.

Мындан сырткары, «Кыргызстан эч качан бирөөнүн жерине көз артпаганын, ошол эле убакта өзүнүн бир сантиметр да жерин бербейт», — деп кошумчалады президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM