Биз менен байланышыңыз

Баткенден эвакуацияланган келин көз жарып, наристенин ысымын Эламан деп койду

Коом , Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 279 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз-тажик чек арадагы кандуу окуяда коопсуз жайга көчүрүлгөн жай тургундардын арасында да көз жарган келиндер бар. Алардын бири Баткен шаарынын тургуну 28 жаштагы Каныкей. Ал башкалар менен катар 19-сентябрь күнү ОшМУнун жатаканасына эвакуацияланган, ошол жерде көз жарды.

Жолдошу Тынчтыкбек Абдуллаевдин айтымында, бул алардын төртүнчү наристеси. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жоготуу көп болгон үчүн элдин аманчылыгын тилеп, наристенин атын Эламан коюшту.

«Мен Баткенде жеке ишкермин. Балам кечээ, 19-сентябрда төрөлдү. Азыркы учурда баары жакшы, эне-баланын абалы канааттандырарлык. Бул — биздин төртүнчү наристебиз. Элибизде аманчылык болсун деп, жакшы ниет менен атын Эламан койдук», — деди ал.

Ош мамлекеттик универстетинин профсоюз комитетинин төрагасы Апсамат Сатаров бул жерге көчүрүлгөн элди карап, анын ичинде жаш үй-бүлөгө көзөмөл кылууда. Чек арадагы абал турукташканча аларды үй-жай менен камсыз кылуу Ош мамлекеттик универстети тарабынан болорун билдирди.

«Проректор, мугалимдер кабар алып келдик, баары жакшы. Бул үй-бүлө бизге келгенден кийин колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз, буйруса абал турукташканга чейин алардын турган жерин биздин университет камсыздайт», — деди ал.

2021-жылы да Тажикстандын Кыргызстанга жасаган куралдуу кол салуусунан Баткен жана Лейлек райондорунан 33 миңден ашуун жаран эвакуацияланган. Алардын ичинен Баткенден Кадамжай районуна көчүрүлгөн үч келин көз жарып, бирөө эгиз төрөгөн.

Даярдаган: Эрлан Сыргакбеков

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM