Биз менен байланышыңыз

«Жолдошум Жуманазарованын күйөрманы эле, кызыбыздын атын Мээрим койдук»

Коом , Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 1420 | 0

16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда Мекенин коргоп курман болгон аскер кызматкери Нургазы Бокошовдун жубайы Зарипа Бөрүбекова 17-сентябрь күнү, жолдошун акыркы сапарга узаткандан кийин таңга маал Баткен облустук ооруканасында көз жарды.

Наристеге Мээрим деген ысым беришкен.

«Бул биздин төртүнчү наристебиз, буга чейин эки эркек, бир кызыбыз бар болчу. Жолдошум Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз төрөлөт, атын дагы Мээрим коёбуз деп айтчу. Мээрим Жуманазарованын күйөрманы эле. Азыркы учурда жакындарыбыз менен Баткендин Зарташ деген айылында турабыз», — деди ал.

Учурда наристенин жана өзүнүн абалы жакшы экенин, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, керектүү каражаттар жетиштүү экенин кошумчалады.

Прапорщик Нургазы Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган. Ал Чек ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүндө эмгектенип келген.

Даярдаган: Эрлан Сыргакбеков

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM