Биз менен байланышыңыз

«20га чукул аскер тажиктердин 100дөн ашык аскерине каршы туруптур»

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 9722 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Мындан сырткары тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Мындан тышкары, ушу кезге чейин дайынсыз болуп жаткандары да бар.

25 жаштагы Жаныбек Якубов да Тажикстандын аскердик кол салуусу учурунда баатырларча курман болду. Ал 1997-жылы 30-июнда Лейлек районунун Маргун айылында туулган.

Үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кичүүсү, үйлөнө элек болчу.

Жаныбек «Айкөл» заставасында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

Анын агасы Акматали Ормошевдин айтымында, Жаныбек 17-сентябрга караган түнү ок-дары ташыган аскердик унаа менен Лейлек районунун аймагында бара жаткан. Тажик аскерлери тарабынан атылган минометтун огу тийип, ал ошол жерден жан берген. Агасы тажик аскерлери кол салган күндөн баштап Жаныбектин бир да жолу байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогонун, ата-энеси, бир туугандары менен акыркы жолу сүйлөшө албай калганын кейип, айтып берди.

«Жаныбек курман болгон жерде ээн талаа болуп байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ал жака командирлерди буйругу менен жөнөтүлгөн. Ары жагында тажиктердин жери болчу, алардын 100дөн ашык аскери болгон экен. Биздикилерден болсо 20га чукул эле аскер болгон. Тажиктер оор техникалар менен аткылаган. Ошентсе да кыргыз аскерлер алардын баарын башкалар келгиче кармап туруп, биздин бир метр жерибизди да алдырган эмес», — деди ал.

Мекен үчүн шейит кеткен баатырлар… (тизме толукталууда)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM