Биз менен байланышыңыз

«Ата-энеси каршы болсо да, мекенди коргоп чек арада иштегиси келчү»

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 283 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Мындан сырткары тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Мындан тышкары, ушу кезге чейин дайынсыз болуп жаткандары да бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Баткен облусундагы «Кулунду» заставасында кызмат өтөгөн аскер Нурбек Баратов көзүнө ок тийип, шейит кетти. Ал болгону 19 жашта болчу. Анын таежеси Марьям Баратованын айтымында Нурбек ушул жылдын апрель айында келишимдик негизде кызмат өтөөгө кеткен.

Мекенди коргоону көздөп, андан ары кызматын уланткан. Үй-бүлөдө 3 бир тууган болчу. Артында ата-энеси, 2 карындашы калды. Үйдүн жалгыз уулу болгондуктан ата-энеси армияда кызмат өтөөсүнө, чек арада иштөөсүнө да каршы болгон. Бирок анын каалоосу күч болуп, Сүлүктүдөгү чек арада чоң апасынын, үй-бүлөсүнүн жанындагы чек арада иштегиси келген.

Нурбек мурда үйүнө тез-тез келип, кабар алып турса, акыркы учурда аскер кызматынан уруксат бербей калып, бир айда бир-эки жолу гана барып турган.

Таежеси каргашалуу окуя башталган күндү эстеп Нурбек менен дайыма байлынышта болуп, бирок бир учурда байланыш үзүлүп телефону башка аскерлерге тийип калганын айтып берди.

«Биз дайыма байлынашта болуп турдук. Жазып, чалып, сүрөттөрүн жөнөтүп, баарын айтып берип турган. 16-сентябрда кечинде чалсак албай калды. Көп жолу чалып жаттык, жооп берген жок. 17-сентябрда эртең менен чалсак башка бир бала жооп берди. Биз тынчсызданып: «Эмнеге Нурбектин телефону сенде? Өзү кайсы жакта?», — деп сурадык. Ал: «Нурбек башка жерде, ал экөөбүз сим карталарыбыз менен алмашып алдык», — деди. Өзүнүн номурун берди, чалсак телефон өчүк болуп тура берди. Көрсө, бизден жашырып жаткан экен. Нурбектин өзүнө чалып жаттык, улам сайын башка аскер алып «Нурбек башка жакта, жаныбызда эмес» деп коюп атты. Ошентип жатып, кечинде сөөгүн алып келишти», — деди ал.

Мекен үчүн шейит кеткен баатырлар… (тизме толукталууда)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM