Биз менен байланышыңыз

«Бүгүн тою болмок, Тилектин өлүү же тирүүсүн билбей сарсанаа болуп жатабыз»

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 18975 | 2

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда 14-сентябрдан бери 59 кыргызстандык курман болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери. Мындан сырткары тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Мындан тышкары, ушу кезге чейин дайынсыз болуп жаткандары да бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондордун арасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылынын тургуну, прапорщик Тилек Жаңыбай уулу да бар. Ал 26 жашта болчу.

Учурда анын сөөгү табылбай жатканын жакын тууганы билдирип, таап берүүгө коомчулуктан жардам сурады.

Тилек Жаңыбай уулу беш бир туугандын эң кенжеси болгон. Бүгүн, 20-сентябрда үйлөнүү тою өтмөк. Апасы жана кудалашкан тарап Баткенде той өткөрүп, кыз берүүгө дайынданып жатышкан.

Сегиз жылдан бери чек арада иштеп жүргөн Жаныбектин сөөгү табылбай, жакындары өлүү тирүүсүн билбей сарсанаа болуп жаткан учуру. Ал быйыл үйлөнүп, 2024-жылга чейин балалуу болуп, пенсияга чыгып калууну ойлонуп жүргөн.

«Башында танк жарылып кеткен деген кабарды уктук. Сөөктөрү да табылган жок, күйгөндөрү да табылган жок. Экспертиза дайындалды, бирок анысынан да кабар жок. Эки вариантты айтып жатышат, же сөөктөрү күйүп кетти же тирүү деп. Бул кабарды уккандан кийин боз үй тигип күткөнбүз. Бирок белгисиз болуп жатканынан, боз үйдү жыйнап, тирүү болсо экен деп тиленип, үмүттөнүп калдык. 2024-жылы он жылдыгы болмок, ошого чейин үйлөнүп, бир балалуу болуп, анан пенсияга чыгып калам деп сүйүнүп, кыялданып жүрчү», — деди ал.

Тилектин туугандары коомчулуктан, бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурады.

2 пикир

2 пикир

  1. Elvira

    20.09.2022 18:54

    Аман эле болсунчу

  2. Elvira

    20.09.2022 18:55

    Жакшы кабар кутобуз. Аман эсен айтып кел

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM