Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Баткенге 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 194 | 0

Бишкектен Баткен облусуна дагы 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна борбор калаанын кайрымдуу жарандарынан жалпы салмагы 50 тоннаны түзгөн 3 оор жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Эске салсак, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн резервинен Баткен облусуна 67 тонна, ал эми кайрымдуу жарандардан 40 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM