Бүгүн, 18-сентябрда саат 15:00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны уланат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 2022-жылдын 16-сентябрында Төрага Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган. Ошол кезексиз жыйындын алкагында бүгүн депутаттар үчүнчү жолу чогулат.
Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар чек арадагы кырдаалды талкуулайт.
1 пикир