Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри БУУнун баш катчысына чек арадагы абал тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 729 | 0

Кечээ, 17-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТИМдин башчысы курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалыматынбаш катчынын назарына жеткирди.

Мындан тышкары, чыңалууну басаңдатууга багытталган ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык аракеттер жөнүндө да маалымат берип, тажик тараптын мурда жетишилген ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбоо позициясына байланыштуу өкүнүүсүн билдирген.

Ошондой эле, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалыматты баш катчыга жеткирди.

Өз кезегинде БУУнун башчысы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, баш катчы ушул жылдын 20-сентябрында Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен бетме бет жолугушуу өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле, БУУнун башчысы КРнын ТИМ Ж.Кулубаевди келерки жумада Нью-Йоркто Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы С. Мухриддин менен учурдагы кырдаалды талкуулай тургандыгына ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM