Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алай: Тажик тарап саат 14:20да ок атууну токтотту

Кыска кабар | 17 Сен 2022 | 429 | 0

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчылары сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу чек ара кызматы маалымдады.

Кыргызстандын чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен тажик чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, натыйжада тажик тарап Чоң-Алай районун чек арадагы айылдарына ок атуусун токтоткон.

Маалыматта тажик тарап Карамык, Тешик-Таш жана Кароол-Дөбө айылдарын саат 14:20да артиллериялык курал жана минометтер менен аткылоону токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM