Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев: Тилекке каршы аскерлер арасында жоготууларыбыз көп

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 5008 | 0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди. Анда ал кыргыз тараптын жоготуулары тууралуу да сөз кылды.

«Тилекке каршы, аскерлерибиздин арасында жоготуулар көп. Учурда биз алардын санын тактап жатабыз. Мындай абалда сөзсүз жоготуу болот. Жарадар болгондор да бар. Ал эми жай тургундарды толук эвакуация кылдык. Азыркы тапта чыңалуу бар жерлерде жалаң гана аскер кызматкерлери калды. Кудай сактасын, алар кайрадан капыстан кол сала турган болсо, бир гана аскерлерибиз менен беттешет. Аларга каршы турууга бизде бардык шарт бар», — деди УКМК төрагасы.

Ал азыркы тапта эки айылды тажик баскынчылардан бошотуу аракети болгонун, буга чейин айтылып жаткан бир катар айылдар кыргыз аскерлеринин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM