Биз менен байланышыңыз

Тажик тарап келишимдерди бузуп, саат 18:30да кайрадан ок чыгарды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 1490 | 0

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы саат 18:30га карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатканын билдирди.

Тажик тарап эки саат мурун жетишилген макулдашууларды бузуп, Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер конуштарындагы кыргыз чек арачыларынын түзүмдөрүнө кайрадан ок чыгарды.

Баткен облусунда тажик тарап көп жолу ракеталык системаны колдонгону катталды.

Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Баткен: 15 жаштагы өспүрүм кыз окко учканы тастыкталды

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту

Copyright © 2017 Maral FM