Биз менен байланышыңыз

Баткен: 15 жаштагы өспүрүм кыз окко учканы тастыкталды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 661 | 0

Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусуна караштуу Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну набыт болду. Маалыматты медиа штабдан ырасташты.

Өспүрүм кыз снаряддын сыныктарынан алган жарааттан мүрт кеткен.

КР УКМК Чек ара кызматынын тараткан акыркы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты.

Куралдуу кол салуудан жабыркагандардын саны 42ге жеткен. Учурда алардын бешөө Бишкекке алынып келинген.

Чек арада жабыркагандар үчүн кан тапшырыңыз

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM