Биз менен байланышыңыз

Чек арада жабыркагандар үчүн кан тапшырыңыз

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 315 | 0

Республикалык кан борбору жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырды.

Кан берүүнү каалаган тургундар Бишкектеги жана облустардагы кан борборлоруна тапшыра алат. Ал үчүн жанында паспорту, же аты-жөнүн тастыктаган айдоочулук күбөлүгү же аскердик билети болушу керек.

Бишкектеги Республикалык кан борбору Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан. Дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 08:00-14:00 аралыгында иштейт. Ал эми ишемби күнү 08:00-12:00.

Саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны  31ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM