Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 1257 | 0

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун маалымат катчысы кабарлады.

Алар Өзбекстанда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушту.

Тараптар ок атышууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү, каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иш алып барышат, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлөт.

Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Copyright © 2017 Maral FM