Биз менен байланышыңыз

Бишкекте элеттеги калктын жашоо шарттарын өнүктүрүүгө багытталган форум өттү

Коом | 16 Сен 2022 | 360 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган форум өткөрүлдү. Жергиликтүү башкарууда тажрыйба алмашуу боюнча жыл сайын уюштурулуп келген бул иш-чарага 100дөн ашык адам катышты. Алардын арасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү бар. Иш-чарада өлкөнүн төрт аймагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү форум аталган долбоордун алкагында уюштурулду. Ал 2021-жылы башталган, 2025-жылга чейин созулат.

Нарын облусунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Дөкөев аталган айыл долбоорго бир жыл мурун тандалып алынганын айтты. Бул убакыт арасында долбоордун көмөгү менен айылда сууга болгон тариф көтөрүлүп, тургундар таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуп калды.

«Буга чейин документтерибиз туура болбой, тарифибиз дагы төмөн болгондуктан калкты таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздай албай келчүк. Мурун кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 8ге чейин суу токтолуп берилген эмес. Азыр болсо күнү-түнү суу менен камсыз болуп калышты. Тарифти калктын капчыгына оорчулук жаратпасын деп 35 сомго көтөрүп, документтерибизди тууралап алдык», — деди ал.

Мындан сырктары, Ош облусунун Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллабаев да жергиликтүү тургундар ичүүчү суу менен камсыздалып, бир топ жеңил болуп калганын айтып берди. Долбоордун алкагында үч бала-бакчанын курулуш иштери башталып, эки жакынкы айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.

«Долбоордун негизинде үч бала-бакча жана эки айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Дагы бир айылга ФАП салалы деп жатабыз. Бизге каражат бөлүнүп берилди. Айылда агын суулар менен гана маселелер жаралууда», — деди ал.

Долбоор өлкө боюнча 50 пилоттук муниципалитет менен иш алып барат. Аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук негиздерине, тарифтерди эсептөөгө, стандарттарды даярдоого, жашоочулардын муктаждыктарын баалоого, жарандарды талкууга тартууга, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга үйрөтүп жатат.

Аталган долбордун алкагында бир жылдын ичинде кандай иштер аткарылганын «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун координатору Бакыт Айткулов айтып берди.

«Биздин долбоорубуздун алкагында коммуналдык кызматтар камсыздоо, каттуу тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу боюнча, социадык багыттагы маселелерди чечүү менен балдарга арналган ийримдерди уюштурууга багытталган аракеттер көрүлүүдө», — деди ал.

Президенттин администрациясынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн эксперти Азамат Шамиевдин айтымында, бул долбоорго өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатат. Алдыда төрт аймактан сырткары, өлкөнүн бардык региондорун камтып, андагы жашоо-шартын жеңилдетүү үчүн кадамдар жасалат.

«Алдыда өлкөнүн башка аймактарын бул долбоорго кошуу боюнча пландар бар. Сүлөшүүлөр жүргүзүлүп, өзгөчө алыскы аймактардын калкын шарттар менен камсыз кылуу боюнча пикирлер айтылды», — деди ал.

Форумдун алкагында катышуучуларга муниципалитеттер үчүн “Теңден теңге” өз ара окутуу платформасы, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу жана муниципалдык кызматчыларды окутуу платформасы сыяктуу долбоор тарабынан колдоого алынган тажрыйба алмашуу боюнча башка демилгелер тууралуу маалымат берилди.

Буга чейин «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоор 2016-жылдан тарта иштеп, өлкөдөгү 50 айыл жана шаардык өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөткөн.

Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарык орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM