Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тажикстан гибриддик согуштун бардык ыкмасын колдонууда

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 664 | 0

Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонуп, ошол эле учурда социалдык тармактарда жана маалымат ресурстарында жалган маалыматтарды таратууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Дүйшөмбү чыр-чатак чыгарууга Бишкекти күнөөлөп жатат. Бирок тажик тарап танктарды, минометторду, бронетранспортерлорду жана «Град» ракета аткычтарын даярдап, жигердүү колдонууда. Көрүнүп тургандай, шаарларга, айылдарга жана калктуу конуштарга чабуул жасоодо. Тажикстан чек ара аскерлеринен тышкары Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу үчүн Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аскерлеринин түрлөрүн колдонууда», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кыргыз тарап тажик тарапка ок атышпоону, сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, кырдаалды биргелешип чечүүнү талап кылуусун улантууда.

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу 14-сентябрда болгон. Бүгүн, 16-сентябрда аткылоо уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM