Биз менен байланышыңыз

Алимбаев тажик тараптын кол салуусун «аскердик агрессия» деп атады

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 760 | 0

Президленттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, учурда Баткен облусунда ок атуулар токтой элек.

Алимбаев өз кайрылуусунда, тажик тарап Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен бардык аймагынан чоң куралдар менен кол салып жатканыдыгын белгилеп, алардын бул кадамын аскердик агрессия деп атады.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК кызматынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бүт тарапка азыр ок атууну токтотуу боюнча командалар берилди. Бирок ок атуудар токтой элек. Эгерде ок атуулар токтосо, анда биз эки тараптуу жолугушууларды өткөбүз» , — деди Алимбаев.

Баткен: чек арадагы соңку кырдаал боюнча тексттик трансляция (жаңыланууда)

Copyright © 2017 Maral FM