Биз менен байланышыңыз

Баткен: 16-сентябрдагы окуялар тизмеги

Блог | 16 Сен 2022 | 2417 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.

Саат 12:35

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-тажик чек арасында оор салгылашуулар жүрүп жатканын, мында тажик тарап оор бронетехниканы, көп ракеталык системаларды (МРРС) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарга кыргыз тараптан каршылык көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын аймагын, калктуу пункттарын басып алууга мүмкүнчүлүк берилбейт.


Саат 12:20

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аймактарда тажик тараптын кол салуусунан улам адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармакта адам өлүмү менен коштолгон окуя болгонун жазышкан. Министрлик маалымат тастыкталбаганын билдирди.


Саат 11:35

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга тажик тараптын кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 18ге жетти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 11:00гө карата билдирди.


Саат 11:20

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, учурда Баткен облусунда ок атуулар токтой элек.

Алимбаев өз кайрылуусунда, тажик тарап Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен бардык аймагынан кол салып жатканыдыгын белгилеп, алардын бул кадамын аскердик агрессия деп атады.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК кызматынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бүт тарапка азыр ок атууну токтотуу боюнча командалар берилди. Бирок ок атуудар токтой элек. Эгерде ок атуулар токтосо, анда биз эки тараптуу жолугушууларды өткөбүз» , — деди Алимбаев.


Саат 11:15

Cаат 13:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Төрага Талант Мамытов «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.

Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.


Саат 10:45

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмоналинин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек ара ведомстволорунун жетекчилери саат 10:00дөн тарта ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок тажик тарап Кыргызстандын позицияларын аткылоону улантууда.


Саат 10:34

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптын кол салуусунан 11 жаран жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ооруканага жеткирилгендердин абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.


Саат 10:29

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кыргыз тарап чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи. Министр Кулубаев чек ара аймагындагы оор кырдаалды жөнгө салуу үчүн министр Мухриддин менен дайыма байланышта болот.


Саат 10:20

Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап, талаалап качууда. Бул сүрөт Лейлек районунун айылдарында тартылган. Социалдык тармактын колдонуучусу Сайрагүл Токтоназарованын фейсбук баракчасынан алынды.

Саат 10:15 

 «Кызыл-Бел-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.

Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.


Саат 10:07 

 Маалыматка караганда, тажик тарап танктарды, бронетранспортерлорду, жөө аскерлердин согуштук машиналарын жана минометторду колдонууда.


Саат 10:00 

Саат 10:00гө карата чек арада ок атышуу уланууда. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек.

Чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон.


Саат 09:15 

 Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдары да тажик тараптын кол салуусуна кабылды.

Маалым болгондой, тажик аскерлери «Кайрагач» өткөрмө бекети туштан да ок атып жатышкандыктан, жергиликтүү калк Исфана, Сүлүктү шаарларына өтө алышпай, тоо таяна качууга мажбур болушууда.

Саат 08:45

Чек ара кызматы Тажикстан тарап буга чейин кол коюлган макулдашууларды бузуп, Баткен районундагы бардык чек ара отрядына жана турак жайларга чыккынчылык менен кол салганын маалымдады.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалдын курчуп кетишине өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, мамлекеттик чек арада чагымчыл аракеттер көбөйүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ортого чагым салгандар Тажикстандын аскер кызматчылары катары аныкталбаган жарандар болгондуктан, бул мамлекеттик чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналарын айтат Кыргызстан чек ара кызматы.

Кыргызстан тараптын расмий билдирүүсүнө караганда, Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат. Бул куралдуу кагылыштардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө.


Саат 08:15 

Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында да Тажик чек арачылары тарабынан ок атышуу башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Саат 08:00

Баткен районунун Эки-Таш участкасына Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Маалыматка карганда, учурда ок атышуу токтой элек.

Ушул тапта аталган аймактын тургундарын дагы эвакуациялоо иштери башталды.


Саат 07:00 

Маалыматка караганда, саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

Саат 06:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мащар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.


Саат 06:30 

 тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Андан эки чек ара аскери жана 4 жергиликтүү тургун ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM