Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасынын бардык чектешкен аймактары боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.
Маалыматка караганда, тажик тарап танктарды, бронетранспортерлорду, жөө аскерлердин согуштук машиналарын жана минометторду колдонууда.
Бүгүн, 16-сентябрь күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участокто атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 06:00 чамасында тажик тарап Эки-Таш, Чир-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто аймактардагы чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти.
Саат 6:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылоого киришти.
Саат 7:15те тажик аскер кызматкерлери Самаркандек чек ара заставасын аткылай башташты. Кыргызстандын төрт чек арачысы жараат алды.
Саат 10:00гө карата чек арада ок атышуу уланууда.