Connect with us

Кыргызстан Тажикстанды чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканына айыптады

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 3031 | 0

Чек ара кызматы Тажикстан тарап буга чейин кол коюлган макулдашууларды бузуп, Баткен районундагы бардык чек ара отрядына жана турак жайларга чыккынчылык менен кол салганын маалымдады.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалдын курчуп кетишине өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, мамлекеттик чек арада чагымчыл аракеттер көбөйүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ортого чагым салгандар Тажикстандын аскер кызматчылары катары аныкталбаган жарандар болгондуктан, бул мамлекеттик чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналарын айтат Кыргызстан чек ара кызматы.

Кыргызстан тараптын расмий билдирүүсүнө караганда, Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат. Бул куралдуу кагылыштардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты куралдуу кагылыштарды биргелешип токтотууга, чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM