Connect with us

«Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды

Кыска кабар | 16 Сен 2022 | 155 | 0

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу) менен иш козголду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, айыпталуучу Курмановго издөө жарыяланды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Эске салсак, «Кумтөрдөгү» коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф. жана каржы башкармалыгынын директору Т.Р. кармалган. Кечээ Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, 10-ноябрга чейин камакта калтырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM