Биз менен байланышыңыз

Ташиев ок атуудан жабыркаган Самаркандектин тургундарынан кабар алды

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 478 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуяда жабыркаган Самаркандек айылынын тургундарынан кабар алды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

14-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Самаркандек айылындагы бир үйгө снаряд түшкөн. Ошол эле учурда октон жергиликтүү төрт тургун ар кандай жаракат алган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул снарядды зыянсыздандыруу үчүн атайын адистерге тапшырма берип, айыл элин жана жалпы өлкөнүн чек арасын кайтаруу көзөмөлдө экендигин айтты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, суу көйгөйү, чек ара жана башка социалдык маселелер көтөрүлүп, чечүүнү убадалады.

Кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Күн ичинде Баткендин беш аймагында атышуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM