Биз менен байланышыңыз

Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 64 млрд сомго чейин көбөйтүлөт

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 221 | 0

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 млрд сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Быйыл билим берүү тармагына 47 млрд сом бөлүнгөн.

Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин имараты 5 жылдан бери бүткөрүлбөй келген. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мектептеги 40 класска проектор экрандары орнотулуп, жыгач устачылык жана ашпозчулук класстары, тигүү жабдыктары орнотулуп, спорт залы жана спорт аянтчасы курулду. Мындан тышкары стоматологиялык кабинет иштейт.

Акылбек Жапаровдун айтымында, мектептерди өнүктүрүүгө 5 млрд сом бөлүү пландалып жатат. Ошондой эле мындан ары мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык-маданий объектилерге тарыхый инсандардын, улуттук классиктердин ысымдары ыйгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM