Биз менен байланышыңыз

Ажибаев: Баткенди өнүктүрүүгө делген 500 млн сом бөлүнбөй жатат

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 473 | 0

Өткөн жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин өткөн жылда бөлүнгөн акча которула элек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусуна өзгөчө статус берген мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылба келет.

«Жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүүгө бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт деп мыйзамда так көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнбөй турат» , — деди ал.

Ошондой эле ал Министрлер кабинети өзү мыйзамдуулулкту сактабай туруп, карапайым калктан кантип мыйзамдуулукту талап кылат деген суроо салды.

Мындан сырткары ал Баткен облусунун Лейлек районуна көңүл бурулбай жатканыдыгын белгилеп, мектептер салынбай жатканын эске салды.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы эмгек миграциясында, башкача айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун жашоочулары ички жана сырткы миграцияга кабылган. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Мына ошондуктан Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүнүп турмай болгон.

Copyright © 2017 Maral FM