Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчи менен эмгек министрин кызматтан четтетүү маселеси кайра көтөрүлдү

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 592 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев өткөн жумада «Элдик» депутаттык тобу жана «Альянс» фракциясы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматынан бошотуу боюнча  чечим чыгарышкандыгын, аны бүгүн жалпы жыйынды карап, президентке жөнөтүүгө чакырды.

Анын айтымында, миграция маселелеринин көптүгү мына ошол жетекчилердин жоопкерчиликсиздигинен келип чыгууда.

Төрага Талант Мамытов бул маселе буга чейин да көтөрүлгөндүгүн белгилеп, регламент боюнча тиешелүү комитет карап, чечимин чыгаргандан кийин гана палатадан талкуулай тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, 9-сентябрда Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясы жана «Элдик» депутаттык тобу миграция маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев чакырылганы менен келбей койгону сынга кабылган.

Жыйындын аягында «Элдик» депутаттык тобу жана «Альянс» фракциясы элчи менен министрди кызматтан четтетүү тууралуу сунушун президентке кат түрүндө киргизмей болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM