Биз менен байланышыңыз

«Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулушу боюнча долбоорго кол коюлду

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 277 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда, Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргызстандын аймагындагы  тилкеде «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» каттамынын бириктирилген варианты боюнча «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнуна чейин бүтөт.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу Кыргызстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.

Copyright © 2017 Maral FM