Биз менен байланышыңыз

Министрге козголгон кылмыш энергетика тармагына кандай таасир берет?

Саясат | 14 Сен 2022 | 764 | 0

Кечээ, 13-сентябрда Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Ал эми бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди. Министрдин милдетин убактылуу энергетика министринин орун басары болуп дайындалган Таалайбек Ибраев аткарат.

Мыйзам бузуулардын айынан бюджетке 15 млн сом зыян келтирилгени аныкталган. Министр өзүнө козголгон кылмыш ишин жеке кызыкчылыкка байланыштырып, каралоо катары сыпаттады. Кыш мезгили жакындап жатканда энергетиканын абалы кандай болот? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, 2021-2022-жылдары энергетика министри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адис эмес кызматкерлерди бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга, Орусияга кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөткөн. Натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо БГС ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени аныкталаган.

Ал эми министр Доскул Бекмурзаев өзүн каралоо аракети жүрүп жактанын айтып, фейсбук баракчасына билдирүү таратты. Ал өзүнө жакын арада жыйын өткөрөрүн жана эч жака качпай турганын билдирди.

«Мага карата Башкы Прокуратура козголгон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм! Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.
Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура», — деди ал.

Кылмыш иши козголгонго чейин, 11-сентябрда Доскул Бекмурзаев президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абадка жасаган иш сапарында жанында коштоп жүргөн. Кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыккандан кийин Бекмурзаевдин микроинсульт алып ооруканада жатканы тууралуу кабар тарады.

Башкы прокуратура ушуну менен иштеп жаткан экинчи министрге кылмыш ишин козгоп жатат.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийликтин ичиндеги саясий топтордун карама-каршылыгы кылмыш иштерди козгоо аркылуу сыркта чыгып жатканын айтат. Муну менен өздөрүн актоо аракеттери болууда.

«Өлкөдөгү оор саясий-экономикалык-социалдык абал бийликтин ичиндеги саясий топторго, өзгөчө Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун топторуна өзүнүн таасирин берип жатат. Анткени азыркы оор абалды эске алуу менен келечекте өлкөдө кандайдыр бир төңкөрүш, социалдык жарылуулар боло турган болсо кимиси кимди күнөөлош керектигин, ушундай абалга алып келүүнү кимисинин күнөөсү көбүрөөк экенин, саясий келечек кандай боло турган ойлор аларды бир топ түйшөлтүп жатат. Ошондуктан кандайдыр бир кылмыш иштерди козгоо аркылуу, эки топ бири бирине жалаа жабуу аркылуу бул абалдан чыкканга, өздөрүн актаганга жол издеп жатышат», — деди ал.

Карапайым элди саясий маселелерден да күз-кыш мезгилине даярдык маселеси көбүрөөк кабатыр кылууда. Энергетика маселелери боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев да Кыргызстанды толук-кандуу электрэнергия менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп турарын айтат.

Анын пикиринде, Доскул Бекмурзаев бул тармакка келгенден бери көзгө көрүнүктүү иштер алып барылган жок. Азыр күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү маанилүү болуп турат.

«Эгер аябай суук болуп кетет турган болсо биздин азыркы жаратуучу кубаттуулуктарыбыз өлкөнү жеткиликтүү деңгээлде электрэнергия менен камсыз кылууга жетпейт. Ошондуктан кышында суук болуп, абанын табы өтө төмөн боло турган болсо эл кыйналат. Бул маселени кандай кылып чечет? ушуну үстүнөн ойлонуш керекда азыркы бийлик. Бизде суук боло турган болсо, Казакстандын түштүгү, Өзбекстан да суукка кабылат. Ошондо биз сырттан электрэнергия алганга мүмкүнчүлүк жок болот, айла жок өчүрүүлөргө барабыз. Бул себептен маселени азыртан чечиш керек», — деди ал.

Кыргызстандын эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимовдун пикиринде, министр Бекмурзаев аткарып жаткан иштер натыйжалуу болуп жатат. Ал «Тёплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси буга чейин туруктуу башкаруучусу жок болуп, оңдолбой жатканын эске салып, үстүбүздөгү жылдын май айында «Электр станциялары» акционердик коомуна 15 жылга убактылуу башкарууга берилгенин колдой турганын кошумчалады.

«Министр аракет кылып жатат. Айткандарды так аткарып жатат. Кыш келе жатканда бул министрдин иштеп турганы эле оң болот баарыбызга. Себеби башчы алмашканы менен баш аягын таппай, жумушчу нукка түшкөнчө убакыт өтүп кетет», — деди ал.

Доскул Бекмурзаев энергетика министри болуп 2021-жылдын 8-июнунда дайындалган. Ал көп жыл өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жасай турганын убада берген. Көпчүлүк адистер энергетика боюнча дымактуу убадалар берилгени менен иш жасалбай жатканын сындашат.

Кошумчалай кетсек, Башкы прокуратура энергетика министрлигине пландуу текшерүү жүргүзүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталганын 14-сентябрда кабарлады.
Айрым кызматкерлер тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке 22 миллион сом, ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 889 миллион сом зыян келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM