Биз менен байланышыңыз

Алимбаев: Баткенде чек арадагы ок атышуу толугу менен токтотулду (видео)

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 194 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 14-сентябрь саат 12.40га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Булак-Башы жерлигиндеги кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдаган.

Саат 12:50гө карата президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К. Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы генерал-майор Х. Пирокзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле ок атышуу толугу менен токтогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM