Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бөлтүрүктүн күнөөсү бар же жоктугун сот гана аныктайт

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 371 | 0

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн коррупциялык иштерге күнөөлүү же күнөөлү эместигин сот гана аныктай тургандыгын белгилеп, учурда «Кумтөр» өз ишин кадимкидей улантып жатканын жогорку окуу жайлардын ректорлорунун дүйнөлүк форумунда журналистерге билдирди.

«Теңгиз Бөлтүрүктүн кылмышка шектелип, кармалгандыгы боюнча кабарым бар. Анын коррупциялык иштерге күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Азыр атайын жумушчу топ түзүлгөн, ага Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлери кирип, текшерүү иштерин баштаган.  Бул Эсептөө палатасынын алдын ала чыгарган маалыматынын негизинде болду эле. Азыр эми «Кудай» деп туралы, мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. «Кумтөр» болсо өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм  сыртка кеткен жок. Жакында оппозицияны президент Садыр Жапаров чакырды. Алар комиссия түзүп келсе, алтынды кантип өндүрүп, кантип сактап, кантип сатып жатканыбыз боюнча маалымат беребиз. Учурда алардан сунуш күтуп жатабыз, бирок азыр мага сунуштар келе элек» , — деди Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча парламентке маалымат бере тургандыгын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM