Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 330 | 0

Кыргыз-тажик чек арасынын Булак-Башы тилкесинде саат 11:30га карата абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы X. Пиракзоданын жолугушуусу өтүп жатат.

«Ок атышпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачыларын көздөй маал-маалы менен ок чыгарып жатат. Саат 11:30га карата кыргызстандык аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жок. Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек ара отряды такталбаган аймакка кирип, жайгашып алганын аныкташкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде согуштук позицияларды ээлешкен.

Аймактан чыгып кетүү боюнча кыргыз тараптын эскертүүсүнө карабай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Ага кыргыз тарап да жооп кылып, эки өлкөнүн чек арачыларынын атышуусу орун алып, Тажикстан миномет колдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM