Биз менен байланышыңыз

Масалиев Бөлтүрүк боюнча Акылбек Жапаровдун жооп беришин талап кылды

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 481 | 0

Теңгиз Бөлтүрүк «коррупцияга аралашпайт» деген ишеним менен талапкерлигин сунуштаган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жооп бериши керектигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Исхак Маселиев билдирди.

Анын айтымында, парламент өкмөттүн башчысын же мүчөсүн кызматтан бошотуу боюнча сунушун бере алат.

«Жыйындын башынан бери Теңгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке 1 млрд сом зыян келтиргенин талкуулап жатабыз. 1 млрд сом деген бул 10 мектептин акчасы. Башынан эле бир топ жарандар, саясатчылар, депутаттар «ишенбейбиз» деп айткан болчу. Бирок бизге «таза иштейт» деп айткан. Ошол таза иштейт деген Акылбек Жапаров деле жоопко тартылышы керек. Ишенген кишиси ушундай уурулук кылса, ээси да жооп бериши зарыл. Ошондуктан биз ушул маселени карашыбыз керек. Себеби баарыбыз укканыбыздай, ал башка мамлекеттин жараны. Бөлтүрүктүн катышуусундагы келишимдерди, ал кол койгон документтерди кайрадан карап чыгышыбыз керек. Ал жакта да «кандайдыр бир пайда көрөм» деген оюу болуп калышы мүмкүн. Биз комитетке «Кумтөр» боюнча маалыматты даярдап, карап чыккыла деп.  Мындай иштер боюнча депутаттар толук маалыматты алып туруп, Конституцияга ылайык, сунуштарды беришибиз керек. Баш мыйзамга ылайык, өкмөттүн башчысына же мүчөсүнө кызматтан бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, колдонуп көрөлү. Аны калтырып-калтырбоону президент чечет», — деди Масалиев.

Ошондой эле, ал бул маселе боюнча депутаттарды бир чечимге келип, чечим чыгарууга чакырды.

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн»  ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иштери козголгонун 13-сентябрда билдирген. Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк кармалды. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, мындан тышкары, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышып, учурда тергөө улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM