Биз менен байланышыңыз

Чалгындоочу жаңы базанын ачылышы чек араны бекемдейт

Саясат | 13 Сен 2022 | 675 | 0

Бүгүн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, ал чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынгандыгын белгиледи. Президенттин айтымында, техникалардын күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат. Бийликтин Чек арачылардын мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүүгө карата аракеттери коомчулукта колдоого алынууда. 

Бүгүн президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Анда ал чек аранын коопсуздугун камсыз кылууда материалдык базаны чыңдоого сатылып алынган техникалардын күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат деген ишенимин билдирди.

«Мына ошондуктан Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз. Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын белгилеп кетейин. Биздин чек арабыз ишенимдүү колдо! Элибиздин ишеничи менен үмүтү сиздерге мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга дем болуп, күч-кубат берет деп ойлойм».

Чек араларды кайтарууда Куралдуу Күчтөрдүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерин аткарат. Өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынган.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан бери бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Куралдуу күчтөргө, анын ичинде Чек ара кызматына толук кандуу кам көрө албай келгендигин белгилеп, эми чек араны кайтаруу үчүн заманбап чалгындоочу аппараттардан турган базанын түзүлүшү чек ара маселелеринин келип чыгуусунун алдын алат деген ойдо.

«Эми бул башталышы, келечекте заман өзгөрөт, кырдаал өзгөрөт. Бийлик алмашкан сайын ушул сыяктуу имараттарды, абадагы коркунучтардан сактоо үчүн жаңы учуучу аппараттарды сатып алса, бул Кыргызстандын коопсуздугуна, стабилдүүлүгүнө, элдин тынч жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Кандай болбосун, ким жасабасын бул техникалардын келиши, базанын ачылышы бул- мамлекеттин коопсуздугуна, чек арада жашаган элдин тынчтыгына пайдасын тийгизет. Азыркы заман техниканын, технологиянын заманы. Биз дагы аларды пайдаланганга, сатып алууга умтулушубуз керек. Бул эми биринчи кадам».

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымендин пикиринде, учкучсуз учуучу аппараттар менен чек арадагы кооптонуучу абалды алдын ала билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда ар бир өлкөнүн өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуусу, учурдун талабы.

«Аскердик жактан алганда, биз баары бир өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыз кыла тургандай техника менен жабдуу азыркы замандын биринчи талабы болуп жатканын көрүп жатабыз. Өзгөчө Ооганстанда болгон иштер Тажикстанга таасир эткенден кийин, алардын кесепети бизге да жетпегендей, аларды алдын ала биле тургандай мүмкүнчүлүктү издеп жатабыз. Ал эми биздеги мындай аракеттер коңшуларга кооптонууну туудурат. Биздин коңшуларыбыз, анын ичинде Тажикстан учкучу жок учуучу учактарды алгандагысы маалым.  Мындан кийин да ала бериши ыктымал. Биздеги бир чоң кадам алар жасап аткан иштерден алдыга чыгып, өзүнчө база кургандагыбыз. Албетте, бул дагы аларга таасир кылуучу кадам деп эсептесек болот».

Өткөн жылкы Global Firepower аналитикалык борбору чыгарган дүйнө мамлекеттеринин армиясынын рейтингинде, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда турат. Борбор Азия мамлекеттери арасында аскерлеринин күч-кубаты боюнча Кыргызстан төртүнчү орунда турат. Рейтингге ылайык, Өзбекстан 51-орунда, Казакстан – 61, Түркмөнстан – 86 жана Тажикстан 99-орунду ээлейт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев коопсуздук маселелеин күчөтүү боюнча жасалып жаткан иштерди туура деп эсептейт.

«Чынын айтканда Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын куралдуу күчтөрү эң алсызы экенибиз эч кимге жашыруун эмес. Коопсузудк маселелери боюнча, экономикалык жактан алпы караганда Өзбекстан Казакстанды айтпай эле коелу, Тажикстандан да калып калдык. Ошондуктан бул жактарды жакшыртуу максатында көп иштер жасалышы керек. Ал боюнча эч кандай маселе жок. Негизинен чек араны бекемдөө, коопсуздук маселелеин күчөтүү боюнча көп иштер жасалып жатат. Мен алардын барын туура деп эсептейм».

Кошумчалай кетсек, «Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу болуп саналат.  «Байрактар» учкучсуз аппараттарын Түркиялык Baykar компаниясы чыгарат. Ал компания Түркияда согуштук учкучсуз аппараттарды өндүргөн жеке менчик ишкана. Анын ээлеринин бири жана техникалык директору Сельчук Байрактар түрк президентинин күйөө баласы болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM