Биз менен байланышыңыз

Сүт өндүрүүчүлөргө 27 млн ​​860 миң сом насыя берилди

Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 185 | 0

Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан «Сүт тармагын насыялоо долбоору» иштелип чыкты. Программа сүт өндүрүү боюнча бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 70 субъектиге 27 млн ​​860 миң сом насыя берилди.

Анын ичинен: 

Ысык-Көл облусу боюнча – 11 500 000 сом,

Талас облусу – 6 410 000,

Чүй облусу – 3 150 000,

Жалал-Абад облусу – 2 800 000,

Нарын облусу – 4 000 000,

Насыя төмөнкү шарттар менен берилет:

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө — 500 миң сомго чейин.

Фермалар үчүн — 1 миллион сомго чейин.

Шарты: жылдык 6% га чейин;

финансылык санкциялар — жылына 12%;

күрөөгө каралган шарттар;

150 миң сомго чейин кредиттерди «кепилдик» менен берүүнү карайт. Мөөнөтү — 36 айга чейин, негизги карызды жабуу үчүн 9 ай жеңилдетилген убактысы менен жана квартал сайын бекитүү шарт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM