Биз менен байланышыңыз

Зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү борбору түзүлөт

Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 255 | 0

Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борборду түзүү маселеси Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, бирдиктүү борбор зомбулуктан жабыркаган аялдарга комплекстүү жардам көрсөтүү максатында түзүлүүдө.

Бул борбор укуктук, психологиялык жана социалдык жардамдарды сунуштайт.

Борборду түзүүгө жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топко Эмгек министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM