Биз менен байланышыңыз

Орус ырчыларынын Бишкекке келиши саясатпы же маданий алакабы?

Коом , Саясат | 12 Сен 2022 | 792 | 0

Күз айларында Бишкекте Орусия ырчыларынын концерти өтөт. Бул иш-чарага айрым кыргызстандыктар каршылык көрсөтүшүүдө. Алар концертти орус-украин согушунан улам түшүп бараткан Орусиянын таасирин арттыруу саясаты катары карашат. Ал эми айрым эксперттер маданий алакадан саясат издөөнүн кереги жоктугун белгилешет. 5-сентябрда Бишкекте бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар концерттерге каршы чыгып, Орусиянын Украинадагы агрессиялык саясатын колдогон белгилүүлөрдүн Кыргызстанга келүүсүнөн чочулап турушканын билдиришкен.

Алдыда өтө турган концерт, анын максаты жана элдин нааразычылыгы боюнча эксперттердин пикирлерин чогулттук.

Нааразылык акциянын катышуучулары «Агрессордун ырчысына жол жабык», «Биз тынчтык үчүн» деген ураан астында митингге чыгышты.

Акцияга катышкандардын бири жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров орусиялык ырчылардын Бишкекте концерт коюшуна каршы. Анын пикиринде, көз карандысыз Украинага кол салган элдин ырчылары Кыргызстанга келбеши керек.

Биздин өлкөнүн бийлиги эки мамлекеттин ортосундагы согуш боюнча расмий түрдө бейтарап позицияны билдиргенден кийин аягына чейин бейтарап болушу керек деген ойдо.

«Маданият министрлиги жана орусиялык ырчылардын концертин уюштуруп жаткан жеке тараптар да президент Садыр Жапаровдун дарегине шек келтирип, нейтралдуулук приницибин бузуп жатышат. Мен ошон үчүн алардын келишине каршымын. Башка маселе, эгер дүйнөдөгү тынчтыкка үндөп, мамлекеттер арасындагы достукту даңазалаган, кадыр-баркы бийик ырчыларды алып келип концерт уюштурса албетте жакшы, элге да оң таасир берет болчу. А бирок согушту жактаган ырчыларга Бишкекте жол жок», — деди ал.

Бишкек шаарында сентябрь, октябрь, ноябрь айларында орусиялык ырчылардын жана топтордун концерттери өтөт. Тактап айтканда, белгилүү эстрада ырчылары Валерий Меладзе, Филипп Киркоров, Зиверт, Би-2 музыкалык тобунун келери күтүлүүдө.

Орус ырчыларынын борбор калаага келиши коомчулукка ар кандай кабылданууда. Айрымдары буга маданий чөйрөдө тажрыйба алмашуу катары баа берет.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Игорь Шестаков орусиялык ырчылардын сапарында эч кандай күмөндүү жагдай көрбөйт. Ал нааразылык акцияны үчүнчү кызыктар тараптар уюштурган деп эсептейт жана муну популисттик аракеттер деп сыпаттады.

«Биздин өлкө кээде кимдир бирөөлөрдүн буйрутмалары менен митингдерди уюштурганы белгилүү эмеспи. Бул да бир кызыкдар тараптардын популисттик аракеттери катары баалайм. Мындан сырткары, чыгармачылыкты сүйгөн жана жактырбаган адамдар бар. Биздин элдин көпчүлүк бөлүгү концерттерге барганды жакшы көрөт, чет өлкөлүк жылдыздардын чыгармаларын угушат, а эмнеге алар жактырбагандардын басымына туш болуш керек? Бирөөнүн ордуна тандоо жасабайлы жана муну саясатка айландырбайлы» — деди ал.

Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов да орусиялык ырчылардын келишин саясатташтырбоого чакырды. Ал ырчы Валерий Меладзе жана Би-2 тобу Орусиянын Украинага кол салганын колдобогонун эске салып, бул артисттер буга чейин да чыгармачыл сапар менен келип жүрүшкөнүн белгиледи.

Бактыгулов чет жактагы ырчылардын койгон концерттеринин негизги максаты — акча табуу деп эсептейт.

«Биринчиден, ырчыларды Орусиянын өкмөтү эмес продюссерлери жиберип жатышат. Алар муну каржы табуунун бир жолу катары көрүшөт. Экинчиден болсо, Кыргызстан башынан эле бейтарап позицияны карманып келе жатат. Демек, каршы чыккандарга, колдогондорго айып салынат. Негизи бул Орусиянын кандайдыр бир саясаты деле эмес. Муну саясатташтыруунун кежети жок», — деди ал.

Орусия Украинага кол салгандан бери Орусияга жана анын айрым жарандарына карата бир катар санкциялар киргизилген. Алардын ичинде чыгармачыл чөйрөнүн, спорт жана башка тармактардын өкүлдөрү да бар. Мындан улам орусиялык ырчылардын көпчүлүгү азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнө барып концерттерин коюп жатышат. Муну маданияттын бир жакшы бөлүгү катары сыпаттап, бөлүнүүнүн зарылчылыгы жоктугун Эл аралык мамилелер боюнча эскперт Чынара Эсенгул белгиледи.

«Согуш болуп жатабы,жокпу, концерттер мурунтан эле болуп келет жана болот дагы. Биз муну саясатташтырып, каршы чыкканыбыз менен алар жөнүндө эмес, бул биздин коомдогу бөлүнүү күч алып баратканынан, саясатташтырууга жакын болуп бара жатканыбыздан кабар берип жатат. Эгер биз буга басым жасабасак, бул жөн гана концерт, шаңдуу маанай, маданият жана биз буга мындай терс реакция кылбашыбыз керек деп эсептейм», — деди ал.

Маалымат катары айта кетсек, Бишкекке келе турган артисттердин ичинен Филипп Киркоров Орусиянын мындай кадамына оң баа берип, пропагандалык концерттери жана анын Крым аннексиясын колдогону үчүн Украинага кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынган.

Ал эми «Би-2» тобу жана Валерий Меладзе Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM