Биз менен байланышыңыз

Онлайн иштегендердин эмгек укугун коргоо маселеси

Коом | 12 Сен 2022 | 473 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр каралды. Тактап айтканда жумушчулардын аралыктан иштөөсүнө уруксат берүү маселеси каралып жатат. Анда аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгек келишимин түзүү менен мыйзамдуу иштөөсү, милдеттери жана укуктары каралат. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү жеке сектордогулардын аралыктан иштеген кызматкерлерди ишке алуу талабынан келип чыккан маселелерди жоюу максатында ишке ашырылууда. 

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында эмгек келишиминин негизинде жумушчулардын аралыктан иштөөсүнө уруксат берүү маселеси каралды. Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору бизнес коомчулуктан жана мамлекеттик органдардан, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун эксперттеринен келип түшкөн сунуштардын негизинде иштелип чыккан.

«Сунушталган долбоор менен эмгек кодексине аралыктан иштөөгө жөнгө салуучу нормаларды киргизүү каралган. Долбоор аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салууга жана эмгек мамилелерин санарипке өткөрүүгө багытталган. Пандемия убагында жумуштун бир канча жаңы формалары пайда болду. Бул аралыктан иштөө жана өз алдынча иштөө. Ошол эле убакта аралыкта иштегендердин көйгөйлөрү, укуктары сакталбай калды. Муну менен Эмгек кодексине аралыктан иштөө боюнча өзүнчө бөлүм киргизүү сунушталууда.  Мында кызматкерлер менен иш берүүчулөрдүн ортосундагы мамилелер белгиленген. Аралыктан иштеген кызматкерлер эмгек келишиминде каралган баардык кепилдиктерди колдоно алат. Ошондой эле электрондук эмгек келишимин түзүү да каралган». 

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, иш берүүчүлөр менен жеке жактардын ортосунда электрондук келишим түзүлүп, электрондук кол тамга коюлат. Аны көзөмөлдөө «Түндүк» системада болот.

Талкуу маалында депутат Гүлкан Молдобекова мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жакшы экендигин билдирип, бирок мыйзамдардын аткарылышы дайыма суроо жаратып келгендигин белгиледи.

«Мыйзам долбоорун айтып бергенде, жакшы айтып берип жатасыңар. Бирок мыйзамдын арткарылышына келгенде туура эмес болуп жатпайбы. Ар бир мыйзамдын аткарылышына келгенде башкача болуп жатат. Аны сиз жашырбайсыз. Жумушчунун үй шартын түзүү боюнча сиздер эмнелерди пландап жатасыңар?».

Депутат Айбек Маткеримов аталган мыйзамга толуктоо киргизиш керектигин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да онлайн иштөө мүмкүнчүлүгү каралышы керектигин белгиледи.

«Ушул мыйзамга кошо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын да коргоп, кандайдыр бир өлчөмдө аларга да жумуш берилсин деген сунуш киргизсе болобу? Азыр бизге кимдин кантип жумушка орношушу маалым. Эртең бул мыйзамдын арты менен башкалар жумушка орношуп албоосу үчүн, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге анык сандагы квота берсек кандай болот?».

Маалыматка ылайык, бул мыйзамды ишке ашырууга бюджеттен акча каражаты жана кошумча штат керектелбейт. Болгону ваканттык орундарга аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Ал эми комитет төрайымы Венера Раимбачаева мыйзам долбоорунда тактоочу жагдайлар арбын экенин айтып, кайрадан иштеп чыгууга чакырды. Талкуудан соң мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу сунушу колдоо тапты.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык ар бир жаран иштөөгө, иш учурундагы коопсуздукка, кесип тандоого, жумуш берүүчүдөн иш ордундагы коопсуздукту, тазалыкты талап кылуу менен катар иш акысын убагында алууга укуктуу.

Кошумчалай кетсек, пандемия учурунда өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылгандар жана онлайн режиминде иштөөгө өткөндөр көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM