Биз менен байланышыңыз

Министр: №309 токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, кабыл алынды

Кыска кабар | 12 Сен 2022 | 1936 | 0

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 2021-жылдын 17-декабрында кабыл алынган «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтому боюнча берген сунуштардын аткарылышы боюнча Айыл чарба министрлигинин маалыматын укту.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, талаш жараткан №309 токтом боюнча аймактарда дыйкандарга түшүндүрүү иштери жана жерлерди тактоо иштери жүргүзүлгөн.

«9-сентябрда өкмөттүн жыйынында №309 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизип, токтом кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин берген сунушутары толугу менен кабыл алынды. Жалгыз гана пайыздык чен 50%га 50 болду» , — деди министр.

Айыл чарба министри кошумчалагандай, жерлер такталып, дыйкандарга толук маалымат берилген. Жерди алыш үчүн кооперативдер жергиликтүү райондук комиссияга арыз жазып кайрылышат. Комиссиянын чечимине ылайык, жерлер ижарага берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM