Биз менен байланышыңыз

Жапаров Нарын облусуна болгон сапарында бир катар ишканалардын иши менен таанышты

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 249 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал гидроэлектр станциянын техникалык жабдылышын карап чыгып, аны модернизациялоо боюнча пландар менен таанышты.

Жапаров электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында ГЭСти реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары ал кубаттуулугу 100 МВт саналган Куланак ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун да ишин көзөмөлдөдү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айынан 31-октябрга чейинки аралыкта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө убактысы 2 саатка узартылган.

Кошумчалай кетсек, Ат-Башы ГЭСи 1970-жылы ишке киргизилген. ГЭСтин орточо жылдык кубаттуулугу – 115-150 млн кВт саатты, бекитилген кубаттуулугу 40 МВт түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM