Биз менен байланышыңыз

Кара-Кече көмүр кенинен күнүнө 5,5 миң тонна көмүр жүктөлүүдө

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 410 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» участкасына барды.

Ал өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен таанышып, жумушчу кеңешме өткөрүп, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча, «Кыргызкөмүр» ишканасы 2 677 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Мындан тышкары, карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен аварияларга жол бербөө маанилүү. Бул багытта «Кумтөр» ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал Жумгал районунун тургундарын өздүк баада көмүр менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаган. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM