Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 290 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эртең, 11- сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…+12°, күндүз 20…+25°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…+7°, күндүз 17…+22°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…+17°, күндүз 23…+28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…+6°, күндүз 11…+16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…+9°га чейин төмөндөйт.

Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…+9°, күндүзү 18…+23°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…+7°, күндүз 17…+22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM