Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттары менен жолугушту

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 215 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолугушту.

Акылбек Жапаров келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгилене турганын билдирди.

«Буга байланыштуу эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда иштиктүү байланыштарды түзүүгө багытталган бизнес-форум жана башка иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм. Мунун бардыгы мүмкүнчүлүгү тийиштүү деңгээлде пайдаланылбай жаткан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатууга көмөгүн берет деп ишенем. Энергетикалык потенциалы жогору жана кайталангыс жаратылышы бар өлкө катары, биз үчүн гидроэнергетика, туризм, айыл чарба, билим берүү тармагындагы долбоорлор кызыгууну жаратат», — деп белгиледи Жапаров.

Өз кезегинде Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бортошек кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, ишкердик байланыштарды жана бизнес форумду өткөрүү боюнча демилгелерди колдой тургандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM