Биз менен байланышыңыз

5-ноябрда өлкө аймактарында жергиликтүү курултайлар өтөт

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 589 | 0

5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мындай чечим 9-сентябрда Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн Биринчи элдик курултайды уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынган.

Уюштуруу комитетинин отурумунда курултайды уюштуруу иш-чараларынын планы, ошондой эле республиканын аймагындагы айыл аймактарынан, шаарлардан, чет ѳлкѳлѳрдѳгү эмгек миграттарынан, конфессиялык коомчулуктардан делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалары бекитилген.

Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.

Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды чакырат.

Жергиликтүү курултайга айылдын, шаардын жашоочуларынын санына жараша делегаттар шайланат.

Эске салсак, ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи элдик курултай өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM