Connect with us

Орусиядагы элчи Можайск аялдар абагындагы жарандардан кабар алды

Кыска кабар | 10 Сен 2022 | 1195 | 0

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва областы боюнча Жаза аткаруу федералдык кызматынын башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын Можайск аялдар абагында Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) жазасын өтөп жатат.

Абактагы аялдар менен жолугушууда элчи Орусияда соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө боюнча маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берди.

Элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн жүргүзүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан жарандар менен иштөөнү улантарын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM