Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлерин жумушка дайындоо, бошотуу укугу кимге берилет?

Билим-маданият | 9 Сен 2022 | 3627 | 0

Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маданият чөйрөсүндөгү кызматтарын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Өлкө боюнча 3 миңден ашык маданият кызматкерин жумушка дайындоо жана бошотуу укугу Маданият министрлигинде. Ал эми бул тармакты каржылоо жагы жергиликтүү органдардын бюджетинен каралган. Бул маселе бир топ жылдан бери көтөрүлүп, карама-каршы пикирлерди жаратып келген. Эми мыйзам долбоору кабыл алынса кандай өзгөрүүлөр болот? 

Кыргызстанда 500гө жакын айыл өкмөтүндө жана 30дан ашык шаарда маданият кызматкерлери бар. Аларды жумушка дайындоо, бошотуу жана каржылык жагын иретке келтирүү үчүн мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн жумушчу топ мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Бүгүн мыйзам долбоорду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эксперттер талкуулашты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев бүгүнкү күндө маданият кызматкерлерин кызматка дайындоо жана каржылоо системасы аралаш жүрүп жатканын, бирок муну жөнгө салуу керектигин айтты.

«Жакында эле маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул абдан жакшы жаңылык. Бирок алардын каржылоосу жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлүп жатат. Ал эми дайындоо, бошотуу жагы Маданият министрлигинде калып калган. Биздин конституциянын 4-беренесинде так жазылган. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын так ажыратуу кызматы так бөлүштүрүлүшү керек. Ошонун негизинде түзүлөт деп турат. Ошондуктан биз азыр ким дайындап, ким бошотуп, каржылай турганын тактап алалы деп жатабыз. Ким эмнени аткарат? Кимден эмнени сурайбыз?».

Демилгечилердин атймында, «Маданият жөнүндө» мыйзамдын 5 беренесине өзгөртүү киргизилип, андан сырткары 2 кошумча берене кошулду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун адиси Данияр Айтбаев мыйзам долбоорго кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин түшүндүрдү.

«Азыркы учурда айылдарда, шаарларда маданият үйлөр, библиотекалар, кээ бир айылдарда музейлар да бар. Мындан сырткары тарыхый мурастар бар. Ошолорду башкарууга, каражат бөлүүгө ким жооптуу экени мыйзамда так көрсөтүлбөй калган. Биз так көрсөтүп, милдеттерди так ажырат берүүнү пландап жатабыз. Бул өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бул маселени так чечип берүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суранып жатышат».

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев министрлик учурда бул маселе боюнча келип түшкөн сунуштарды карап жатканын маалымдады.

«Министрлик бул мыйзам долбоорун учурда карап жатат. Бүгүн да долбоорду талкуулаганы катышып жатабыз. Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маданият чөйрөсүндөгү кызматтарын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу маселеси талкууланды. Учурда бир топ сунуштар кирип жатат. Биз сунуштардын баарын министрлик тарабынан карап чыгабыз. Баарын карап чыккандан кийин оюбузду жазуу түрүндө билдиребиз».

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр тууралуу айтсак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият чөйрөсүндөгү ишти уюштурууга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын өз алдынча аныктоого укуктуу болушу керек. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги маданият мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысына алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша үстөктөрдү белгилөөгө укуктуу.

Мыйзам долбоору министрлик тарабынан жактырылса, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Эки жыл мурун маданият жана искусство чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны болжол менен 9 миң адамды түзгөн, алардын 57 %ы аялдар.

Copyright © 2017 Maral FM