Биз менен байланышыңыз

“Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Саясат | 8 Сен 2022 | 662 | 0

Жогорку Кеңеште «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Аталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Министрлер кабинети демилгелеп жатат. Баяндама жасаган Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдиргендей, бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун алкагында жүргүзүлүп, мыйзамдагы карама-каршылыктар шайкеш келтирилүүдө. Ал эми коомчулукта кызуу талкууланган турак жай кооперативдери боюнча өзүнчө жобо иштелип чыгууда. Анда мыйзам бузулган учурда жетекчилерин жазага тартуу каралып жатат.

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы УП № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан жана мыйзамдардагы каршылыктарды жоюуга багытталган.

«2008-жылдын 10-апрелинде ошол кездеги Конституциялык сот «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүн Башмыйзамга караш келет деп тапкан. Бул мурдагы «колхоздор менен совхоздордун мүлктүк базасында иштеген кооперативдерге көрсөтүлгөн колхоздор менен совхоздор укук мурсакери болуп саналышпайт» деген жерди. Биз бул беренени жокко чыгарып жатабыз. Буга чейин кооперативдерди каттодон баш тартуу сотко кайрылат дегекн беренедеги тексти, биз административдик иштин жол-жоболору боюнча каралат деп киргизип жатабыз». 

Талкуу маалында депутат Карим Ханджеза бүгүнкү күндө турак жай кооперативдери каржы пирамидаларынын негизинде иш талып барып, кооперативдерди уюштуруучулардын милдеттери каралбай калганын белгиледи.

«Эмне үчүн турак-жай кооперативдери кирбей калган. Азыр алар аябай күчөп, пирамида сыяктуу болуп калды. Алар лицензия алып коюп, мыйзамсыз иштеп жатышат. Алар банктан эсеп ачып коюп, ошол менен эле иштеп жатат. Коомчулукта ушул кооперативдерге карата аябай көп терс пикирлер жаралууда. Турак жай аманат кооперативдери боюнча мыйзамда жок, азыр ушул мыйзамга өзгөртүүлөрду киргизип жаткан учурда аларды жөнгө салуу керек. Кооперативдердин укуктары менен милдеттерин аныктап койсоңуздар».

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков турак жай кооперативдери боюнча өзүнчө жобо иштелип жаканын, ал боюнча мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда талкууланып жатканын айтты.

«Жумушчу топ түзүп, алар менен онго жакын жолугушууларды өткөрүп, бүгүнкү болуп жаткан маселени талдып, 16 беренеге өзгөртүүлөрдү киргиздик. Долбоор даяр жана мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөн. Анда акчаны максаттуу колдонуу, накталай эмес  төлөмдөрдү жүргүзүү, акчаын административдик жана башка чыгымдарга коротпоо боюнча, чет өлкөлүк банктарга ири суммадагы акчаларды которбоо боюнча бүт  чектөөлөрдү салып, толук кандуу иштеп чыктык». 

Депутат Азизбек Турсунбаев СССР убагында кооперативдердин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу ролу жогору экенин белгилеп, бүгүнкү күндө алардын ишмердүүлүгүн кайрадан күчөтүүгө чакырды.

Ага айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев жооп берип, Айыл чарба министрлиги мунун үстундө иштеп жатканын белгилеп, ушул жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү убадалады.

Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбаев кооперативдер жөнүндөгү мыйзамдагы бир катар кемчиликтерди атап, өзгөчө пайщиктердин укуктары корголбой калгандыгын белгиледи.

«Бул мыйзам аябай татаал мыйзам. Бул мыйзамда жетекчиси боюнча каралбай калыптыр. Эң негизгиси кооперативдин пай салуучулары каралбай, ошолордун укуктары мыйзам боюнча корголбой калган. Акционерлердин укуктарын регистратор каттайт. А пайшиктерди ким каттайт? Башкарма менен бухгалтер жарымын чичип салса деле далилдей албай калат экенбиз. Ошону караш керек, пайшиктердин укуктарын коргоп, алар бир жерге барып каттоодон өтүшү керек».  

Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев «Кыргызпотребсоюздун» айланасында жүрүп жаткан соттук иштерге токтолуп, акционерлердин да пикирин эске алууга чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM