Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча кол коюу күтүлүп жатат

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 588 | 0

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча үч өлкө ортосунда кол коюу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда кол коюуга аракеттер жана даярдыктар көрүлүп жатат.

Депутат Дастан Бекешов бул долбоорго кол коюуда Кыргызстандын поезддерин Кытай менен Өзбекстанга баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керектигин белгиледи.

Алмаз Тургунбаев Кыргызстандын башкы максаты темир жолду жалгыз гана транзиттик негизде колдонуу эмес, Кыргызстандан жүктөрдү экспортто экендигин белгиледи.

Эске салсак, парламентте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына «Темир жол транспорту жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM