Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Алтыгананы жок кылууга акча бөлүнгөнү менен иш жүрбөй жатат

Кыска кабар | 8 Сен 2022 | 719 | 0

Суусамырдагы жайыттарды, жайлоолорду алтыгана каптап баратканын парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Нурланбек Шакиев көтөрдү.

Анын айтымында, аларды жок кылууга акча бөлүнгөнү менен иш жүрбөй жатат.

«Суусамырда алтыгана миңдеген гектарларды каптап жатат. Малчылар канча жылдан бери бийлик, тийешелүү органдар конкренттүү чара көйрбөй жатканын айтып жатышат. Эгерде ушундай кош көңүл мамиле улана берсе, Суусамыр жайлоосуна чыккан малчылар жайытсыз калат. Ушуну Айыл чарба министрлиги катуу көзөмөлгө алышы керек», — деди Шакиев.

Алтыгана тикенектүү бадалы акыркы жылдарда өзгөчө Суусамыр жайлоосунда бат тарап баратканы айтылып келет. Бул көп жылдык бадалды мал жей албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM