Баткендеги 14 жашар кыздын каргашалуу өлүмү кыргыз коомчулугунда зордук-зомбулукка каршы системдүү күрөшүү темасын кайрадан жандантты. Укук коргоочулар, жарандык активисттер, эл өкүлдөрү бул маселени козгоп чечүү керектигин айтып, кырдаалды жакшыртуу жолдорун сунуштаганы менен натыйжа болбой жатканын белгилешүүдө. Тагыраак айтканда системдүү жана узак мөөнөттүү чара көрүлбөй келгени Бүгүн, 7-сентябрда жарандык активисттердин онлайн-митингинде да айтылды. Жаш активисттер аялдарды, кыздарды коргоо боюнча онлайн митинг өткөрүп, коомдогу жагдайды чечүү жолдорун сунушташты. Алдыда кененирээк токтолобуз.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.
Бүгүн, 7-сентябрда өткөн Онлайн митингдин демилгечилердин бири, жарандык активист Элбек Хабибуллаев азыркы тапта коом ачууланып зомбулукка каршы өлүм жазасын киргизүү менен токтойт дегенден алыс болуп, кырдаалдын жаралуусунун себептерин аныктап алардын үстүнөн иш алып баруу зарылдыгын белгилейт.
“ “Зөөкүрлөрдү кантип жазалашыбыз керек?” деген суроонун үстүнөн ойлонбой, “зөөкүр чыкпашы үчүн эмне кылышыбыз керек?” деген суроонун үстүнөн иш алып баруу зарыл. Муну билимсиз, өз психикалык абалын жеңе албай кылган адам жасап жатат. Бул баардыгыбызды күнөөбүз. Мунун себептери: коомдун караңгылыгы, кайдыгерлиги, жумушсуздук маселеси. Мындан сырткары аймактарда өспүрүмдөргө багытталган ийримдердин жоктугу. Балдарды спортко, чыгармачылыкка тартып, кызыктыра турган шарттар жок болуп жатат. Ошондуктан балдар туура жолдон тайып, терс иштер менен алектенгени ушул маселелерден улам келип чыгууда. Айтылган нерселердин үстүнөн иш алып барып, балдардын туура өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү зарыл”, — деди Хабибуллаев.
Бүгүнкү онлайн митингде журналист Канышай Мамыркулова элге кайрылуу жасады. Үрөй учурган окуялардын келип чыгышын үй-бүлөдөн жана мектептен жетиштүү деңгээлде тарбия берилбей жатканы менен байланыштырды. Ал ар бир ата-эне баласынын тарбиясына маани берип, кыздарга мээрим төгүп, уулдарга кызды сыйлоону, коргоону үйрөтүүгө чакырды.
“Президент кайрылуу жасап, мечиттерде баяндар окулуп, бири бирибизди тыйганы менен бул көйгөдүн тамыры өтө тереңде жатат. Кызды сыйлаганды үйрөнөлү, анткени кыз бул биздин келечегибиз, ал эртеңки эне жана ар бирибизде бар экенин эсибизден чыгарбайлы. Бул маселеде өтө этият жана аяр болууга чакырам”, — деди Мамыркулова.
Интернет колдонуучулары балдарды, аялдарды кордогондорго жазаны күчөтүүнү, кылмышкерлерди жазалоону талап кылууда. Ошондой эле ички иштер органдарынын жетекчилигин сындагандар чыкты. Коомчулукта мындай кылмыштар кескин айыпталып, катуу талкууланып, укук коргоо органдарына талаптар коюлганына карабай кайра кайталанып жатышын милициянын чабал, шалаакылыгынан көргөндөр көп.
Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков белгилегендей, зордук-зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгү мигранттардын балдары. Эгер мамлекет жарандарга жумуш орундарды түзүп бере албай жатса, анда балдарын жогорку деңгээлдеги камкордукка алып, атайын борбор ачуу керектигин сунуштады.
“Мурунку балдар үйү тибиндеги, бирок жаңы, заманбап борборлорду ачуу керек. Балким акы төлөнүүчү механимздерин караштырып көрсө болот. Баланы бирөөнүн колуна таштабастан жакшы шарттагы борборго жайгаштырып койсо, ата-энеси да тынч болот. Ал жерде психолог, социалдык кызматкер, мугалимдер, тарбиячылар иш алып барат. Ушундай прогрессивдүү, натыйжалуу сунуштарды баяндамабызга киргизип жатабыз”, — деди Азарбеков.
«Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова өкмөт тарабынан ар бир баланын коопсуздугуна кепилдик берилиши зарылдыгына токтолду. Буга каржылоо маселеси чечилип, балдарын укугун коргой турган өлкө боюнча социалдык кызмакерлерди көбөйтүү керектигин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө коомчулукта көйгөйлөр абдан көбөйдү. Буга экономикалык кризис себеп болууда. Ал эми көзөмөлдөөчү орган, милициянын айлык маянасы мурунку замандагыдай эле болуп турат. Канчалык көйгөйлөр көп болсо, ошого жараша каржылык маселесин чечип берүү зарыл. Зордук зомбулукка учураган балдардын иштерин караган сот системасынын чечимдерин карап көрсөк, көп учурда чечимдери, тергөө иштери туура эмес. Байкасак тергөөчүлөрдүн адискөй сапаттары жокко эсе. Айлык маянасы аз болсо, сапаттуу кадрлар келбей турганын билишибиз керек”, — деди Турдубекова.
“Ачылуу” коомдук уюмунун жетекчиси Бакыт Мусаев зордук-зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүү максатында аялдар үчүн “коопсуздук баскычын” ишке киргизүүнү сунуштады.
«Атайын тиркеме болот. Ар бир уюлдук операторлор менен келишимдер түзүлөт, мобилдик компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тиркеме аркылуу өспүрүмдөрдүн жүргөн жери көрүнүп турат. Анда “SOS” деген баскыч болот, аны басса белги дароо ИИМге түшөт. Ар бир милицияда планшет болбойт, ошондуктан мобилдик телефондор аркылуу караса болот. Ошондуктан техникалык колдоо, жок дегенде облустарга күчтүү сервер коюлушу керек. Жардам сураган учурда жооп бере турган колл-борборлор болушу зарыл”, — деди Мусаев.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.
Зордук зомбулуктар боюнча 2019-ж. 278 иш козголсо 38 %ы, 2020-ж. 673 иштин- 16 %ы, 2021-ж. 640 иштин 21 %ы гана сотко жеткен.