Биз менен байланышыңыз

«Өлүм жазасын киргизүү оңой-олтоң иш эмес»

Коом , Саясат | 7 Сен 2022 | 648 | 0

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү улуттук масштабда коопсуздук маселесин ортого чыгарды. Коомчулук мындай окуялардын алдын алуу үчүн ыкчам чараларды иштеп чыгышы керектигин белгилешүүдө. Балдарга жана аялдарга карата жасалаган зордук-зомбулук жетиштүү деңгээлде жазаланбай, жаап-жашырылып, иш кыскартылып, тосмо арыздар менен кутулуп кетип жатышканы айтылып келет. Мындан улам депутаттар өлүм жазасын киргизүү керектигин айтышса, экинчи бир тарап сот адилетсиз, коррупция кеңири жайылган өлкөдө өлүм жазасын киргизүүгө болбой тургандыгын айтышууда. 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүн иликтөө жана көзөмөлдөө боюнча тыкыр иш алып барылышы керектигин талап кылышты.

Депутат Тазабек Икрамов акыркы күндөрдө коомдо зордук-зомбулук маселеси күч алганын белгилеп, кылмышкерлерге карата чараларды күчөтүү боюнча Өкмөт мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, чараларды күчөтүү керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеш ар бир мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөш керектигин белгилеп, өлүм жазасын киргизүү үчүн референдум өткөрүү зарылдыгын айтат.

«Өкмөттү, Башкы прокурорду чакырыш керек деп отургандын өзү алсыздык. Конституция менен мыйзамдардын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, «секирбеген» министриңерди көрөт элем. Бирок биз азыр алсызбыз, эрксизбиз, көз карандыбыз. Биз «колдо» деген жерини колдоп бере беребиз. Анан эле «антиш керек, минтиш керек» деп калабыз. Өлүм жазасын киргизиш керек. 2009-жылы мен «өлүм жазасын киргизиш керек» дегеним үчүн кызматтан кеткенмин. Дүйнөгө (ред. — БУУ) биздин убадабыз бар, өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ал жазаны киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек».

Депутат Нуржигит Кадырбеков зордук-зомбулуктун келип чыгуусунун бир катар себептерин айтып, педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү керектигин белгилеп өттү.

«Гуманизация деп өлүм жазасын жок кылып койдук. Гуманизациянын аягында гумансыздар гумандууларды келип өлтүрүп жатат. Мындай адамдар өлүмдөн башка эч нерседен коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазадан дагы коркпойт, бүгүн 15 жылга кесилет да үч жылдан кийин карасаң эркиндикте жүргөн болот. Анан дагы каалаганын кылып баштайт. Өлүм жазасын киргизиш керек, андан башка жол жок».

Ал эми депутат Медер Алиев өлүм жазасын киргизгенге биздин өлкө даяр эместигин айтып, мыйзам жалаң гана бей-бечаранын баласына иштей тургандыгын эскертти.

Өлүм жазасын азыркы коомчулук ишеним артпаган сот системасынын тушунда киргизүү опурталдуу экендигин депутат Жанар Акаев да белгиледи.

Ал өлүм жазасын киргизүү менен бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепкер болушубуз мүмкүн деген оюн айтты.

«Жашы жете электерге карата зордук-зомбулук жасагандарды бүтүндөй коомчулук жектешибиз керек. Айыпташыбыз керек, андай айбанчылкка баргандарга сөзсүз жектешибиз керек. Бирок азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилеттүү болобу? Балким ушунтип ураа-ураа менен өлүм жазасын киргизебиз деп жогорку жетекчиликке ушундай идеяны берип, ошого барып, 100дөгөн бей күнөө адамдардын таптакыр күнөөсү жок өлүп кетишине себепкер болуп калбайлы. Мына ушундпй сот системасы менен ошого бара алабызбы? Туура, биз адам чалыш айбандарды эч качан аябашыбыз керек. Соттун адилетсиздигинен миңдеген адамдар түрмөдө жатат, ошондуктан бул маселени терең ойлонушубуз керек. Андан ббашка дагы жазанын көп түрлөрү бар».

Кошумчалай кетсек, учурда өлүм жазасына 144 мамлекетте тыюу салынган же колдонулбайт. Amnesty International эл аралык уюму билдиргендей, 2020-жылы белгилүү болгон өлүм жазасынын көпчүлүгү Кытай, Иран, Египет жана Сауд Аравиясында катталган.

Copyright © 2017 Maral FM